Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 25-декабрда эртең менен катталган тилсиз жоо саат 16:00гө жакын толук өчүрүлдү.
Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөштү.
Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)
Дагы караңыз
Кадамжайдагы комбинат айына 200 тонна сурьма чыгарууну пландап жататБишкек абасы булганган шаарлардын тизмесинде сап башына чыктыАба ырайы: Күн ачык болотУКМК Кочкордо кармалган үч милиция кызматкерин кое бердиУкраина: Херсондогу аткылоодон он киши каза болду