Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Украина: Херсондогу аткылоодон он киши каза болду


Аткылоодо Херсондун көчөлөрүндө жайкын тургундар каза болду.
Аткылоодо Херсондун көчөлөрүндө жайкын тургундар каза болду.

Ишемби күнү Херсондо орус армиясынын аткылоосунан он киши каза болду. Бул тууралуу Херсон облусунун администрация башчысы Ярослав Янушевич улуттук телемарафон учурунда билдирди. Анын айтымында, 55 киши жараат алды, алардын 18и оор абалда. Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 66 жеңил машине күйүп кеткен.

Украина президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Кирилл Тимошенко аткылоонун кесепеттери көрсөтүлгөн сүрөттөрдү Телеграм-каналына жайгаштырган. Тимошенконун айтымында, аткылоого Херсондун борбору дуушар болгон. Сүрөттөрдөн жабыр тарткан турак жайларды жана өрттү көрүүгө болот.

Херсондун сүрөттөрүн Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы социалдык баракчаларына жайгаштырган. Ал аткылоону "Орусиянын коркутуп-үркүтүүсү жана өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган террор" деп атады.

Сокку жапырт аткылоочу ракетадан жасалган деп болжолдонууда.

Украин бийлиги мунун алдында аткылоодон Херсон облусунун беш жайкын тургуну каза болуп, 17 киши жараат алганын кабарлаган. Дагы төрт адам Донецк, Запорожье жана Херсон облусунда каза болгон.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Киев Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу бөлүгүн сентябрда бошотуп алган. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG