Villa V Club ресторанында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында 25-декабрда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аны өчүрүүгө саат 11лер чамасында өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөшүүдө.​

Өрт саат 12:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)​

Дагы караңыз

УКМК кылмыштуу топ менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирдиПрезидент Жапаров Баткенде "Достук" чек ара тозотунун абалы менен таанышты УКМК Кочкордо кармалган үч милиция кызматкерин кое бердиУкраина: Херсондогу аткылоодон он киши каза болду