Советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга койду. Долбоор 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган жарандарды актоого багытталган.

Мыйзамдын демилгечилери - депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Долбоордо Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мыйзам 1994-жылы кабыл алынып, алты жолу өзгөргөнү менен эффективдүү жыйынтык бербегени белгиленген.

"Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо маселелерин мыйзамдуу жөнгө салууга багытталган, бул эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен катар мыйзамды кабыл алуу жана андан соң ишке ашыруу сталиндик репрессиялардын чыныгы себептери жана масштабдары жөнүндө объективдүү баа берүүгө жана өлкөнүн коомчулугуна маалымдоого, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, туура саясий жана укуктук тыянак чыгарууга, келечекке сабак алууга мүмкүндүк ачат", - деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкатында.

Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия түзөт жана ал Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун алдында иштейт. Ага өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынан беш өкүл, совет мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө адистешкен үч илимпоз, Акыйкатчы институтунан, укук коргоо органдарынан жана Мамлекеттик архивден бирден кызматкер кошулат.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.

Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да "эл душманы" деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары жашаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер Сибирге, Казакстанга, Борбор Азия республикаларына айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллиондон ашкан.

Тарыхчылар сталиндик репрессиянын залалын иликтөө зарыл экенин, Кыргызстанда бул иштин чети да оюла электигин айтып келишет.

Дагы караңыз

Электр тарифиндеги өзгөрүүлөр боюнча маалымат берилдиБашкы прокуратура "Керемет Банк" боюнча УКМК кызматкерлери кармалганын маалымдадыСексуалдык зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыз боюнча иш кайра тергеле баштады«Керемет Банктын» төрага орун басары камакка алындыОрусия Борбор Азия өзүнөн алыстаса, кесепети оор болорун эскертти