Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

23-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12;

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз -1…+1 градус болот.

Дагы караңыз

Депутат Дин комиссиясына аялдардын ордуна эркектер ишке алынганын айттыАкцияга чыккандар "Ихсанды" жарнамалаган адамдарды жоопко тартууну талап кылдыМадумаров Конституциянын сакталышын карай турган комиссия түзүүнү сунуш кылды Амангелдиев банк эсептери кандай учурда текшерилерин түшүндүрдү