Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Акцияга чыккандар "Ихсанды" жарнамалаган адамдарды жоопко тартууну талап кылды


"Ихсан" кооперативине алданганын айткандар акцияга чыгышты. 2022-жылдын 22-декабры.
"Ихсан" кооперативине алданганын айткандар акцияга чыгышты. 2022-жылдын 22-декабры.

“Ихсан” кооперативинин мүчөлөрү бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп, президенттен жардам сурашты жана турак жай кооперативдерин жарнамалаган ырчы, актёр жана диний кызматкерлердин да жоопкерчилигин кароону талап кылышты.

Алар кооперативге салган акчасын кайтарып ала албай калганын айтып, маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керектигин кошумчалашты. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына, президентке жана УКМК жетекчисине кайрылуу жазганын, турак жай кооперативдери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизип, жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону талап кылышканын белгилешти.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстанда жыл башынан бери турак жай кооперативине алданганын айтып милицияга кайрылгандардын арызынын негизинде 963 кылмыш иши козголду. Алар тарткан материалдык зыяндын жалпы суммасы 833 млн. сом деп эсептелүүдө. Милицияга арыз менен кайрылгандар “Ак үй KG”, “Жилье Грант”, “Элдик Групп”, “Ордо-Мурас”, “Финико”, “S-LINE”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Биринчи турак жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека” деген 10 турак жай кооперативине нааразылыгын билдирип жатышат.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылууда. (KS)

XS
SM
MD
LG