Амангелдиев банк эсептери кандай учурда текшерилерин түшүндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Депутат Мейкинбек Абдалиев долбоордо Салык кызматына жарандардын банк эсептерин текшерүүгө укук берүү каралганын айтып, банктык купуялуулуктун сакталышы боюнча суроо берди.

Баяндамачы, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев банктык эсептер товар жүгүртүүлөр боюнча гана текшерилерин айтты.

"Товар жүгүртүүлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдүн гана эсептерин текшергенге уруксат берилет. Анда дагы аналитикалык борбор кооптуу операция тууралуу маалымат берсе же кандайдыр бир күмөн жаралган эсептер гана текшерилет".

Амангелдиев банктык эсептерди текшерүү укугу Салык кызматынын департаментиндеги ондой кызматкерге гана берилерин, мыйзамда алардын купуялуулукту сактоо боюнча жоопкерчилиги каралганын кошумчалады. Ал мыйзам долбооруна каршы чыккан банк тармагынын өкүлдөрү менен мунаса табылганын айтты.

Буга чейин долбоорго 30га жакын кредиттик уюм кирген Банктар бирлиги тынчсыздануусун билдирип, банк сырын жокко чыгаруу жарандардын акчасынын кол тийбестигин кепилдеген Конституциялык ченемди бузууга жатарын билдиришкен.

Бирликтин төрагасы Анвар Абдраев бул мыйзамдын айынан банк кардарлары эсептерин жаап, депозиттик салымдар азаярын, насыяларды алуу жеткиликтүү болбой, натыйжада өлкөнүн экономикасы олуттуу зыян тартышы мүмкүн экенин эскерткен.

Өкмөт сөз болуп жаткан мыйзамды кабыл алуу менен бюджеттин киреше бөлүгүн 17 млрд. сомго чейин көтөрүү максатын билдирген. 2027-жылга чейин көмүскө экономиканы 15% азайтуу пландалып жатканын маалымдаган.

Дагы караңыз

Владимир Зеленский АКШнын Конгрессинде кайрылуу жасадыАкцияга чыккандар "Ихсанды" жарнамалаган адамдарды жоопко тартууну талап кылды"Азаттыктын" УКМКнын аракеттерине каршы арызы сотто карала баштады Мадумаров Конституциянын сакталышын карай турган комиссия түзүүнү сунуш кылды