Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Баткенде жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 2…4 градус болот.

Дагы караңыз

Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташта 16 жаштагы бала каза болдуДепутат Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштадыОоганстанда "Талибан" өкмөтү студент кыздардын университетке баруусун токтоттуТөкмө акын Курсант Нурматовдун сөөгү Токтогулга коюлат