Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташта 16 жаштагы бала каза болду

Өзгөн.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы кесиптик лицейдин окуучулары мушташып, 16 жаштагы бала каза болду.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, 20-декабрда кечки саат 21:30 чамасында аталган аймактагы №62 кесиптик лицейдин окуучуларынын мушташы тууралуу кабар түшкөн.

Күбөлөр 3-курстун студенти, 17 жаштагы жигит 16 жаштагы уланды көкүрөк тушка муштап жибергенде ал эс-учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгонун айтышкан.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция териштирүү иштери уланып жатканын билдирди. (КЕ)

Дагы караңыз

Ооганстанда "Талибан" өкмөтү студент кыздардын университетке баруусун токтоттуТөкмө акын Курсант Нурматовдун сөөгү Токтогулга коюлат Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телекомду" баалоо үчүн сынак жарыяладыМаданият министрлиги “Политклиникага” каршы жазылган арызды четке какты