Кыргызстанда санарип паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонула баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому 18-декабрда чыккан.

Кыргызстандыктар эми "Түндүк" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат.

Токтомго ылайык, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана жарандарга тиешелүү документтердин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган электрондук варианты юридикалык күчкө ээ болот.

Буга чейин президент Садыр Жапаров санариптештирүү процессин көзөмөлдөй турганын, 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Ал Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин Фейсбукка чыгарган. Кийин мамлекеттик органдар тиешелүү тапшырмаларды аткарганы кабарланган.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.

Дагы караңыз

Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телекомду" баалоо үчүн сынак жарыяладыЖК төрагасы Шакиев дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштадыОоганстанда "Талибан" өкмөтү студент кыздардын университетке баруусун токтоттуМаданият министрлиги “Политклиникага” каршы жазылган арызды четке кактыУлуттук банк валюта рыногуна 87,5 миллион доллар сатты