Белгилүү төкмө акын Курсант Нурматовдун сөөгү бүгүн өзү туулуп-өскөн Ничке-Сай айылында коюлат.
Бул тууралуу “Азаттыкка” дагы бир төкмө акын Чыңгызхан Кожошев билдирди.
Акын Курсант Нурматов 20-декабрда оорудан улам 49 жашында акка моюн сунган.
Ал 1973-жылы 1-февралда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында туулган. Акын 2001-жылы “Айтыш” коомдук фонду түптөлгөн кезде атактуу акындар Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиевдерден сабак алган. Устаттарынын көзү өткөндөн кийин 2010-жылдардан баштап өзү жаштарга устаттык кылып келген.
Нурматов соңку бир жылдан бери Улуттук “Манас” театрында эмгектенип жаткан. Анын артында төрт баласы жана жубайы калды. (MZh)
Дагы караңыз
ЖК төрагасы Шакиев дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштадыМаданият министрлиги “Политклиникага” каршы жазылган арызды четке кактыОоганстанда "Талибан" өкмөтү студент кыздардын университетке баруусун токтотту