Бүгүн эртең менен Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасы Буэнос-Айреске кайтып барды. Дүйнө чемпиондорунун капитаны Лионел Месси учактан баалуу трофейди көтөрүп түштү.
Кызыл килемден басып өткөн чемпиондор Аргентина футбол ассоциациясынын базасында эс алмакчы. Кечинде баш калаада он миңдеген кишинин катышуусунда чоң майрамдык иш-чара пландалууда.
Аргентина 18-декабрда Катарда өткөн дүйнө биринчилигинин финалында Францияны пеналтиден жеңип алган. Адистер менен күйөрмандар ал оюнду Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты финалдык беттешүү деп сыпатташты.
Командасынын кайтып келишин күтүп жаткан аргентиналыктар өлкөнүн булуң-бурчунда 36 жылдан кийинки ийгиликти белгилеп жатышат.
Дагы караңыз
Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өтүп жатат АКШ Орусиянын коркутууларына моюн сунду деп БУУну айыптадыСалык кызматы чектер лотереясында байгелердин санын көбөйттү Аза кызматынын жетекчиси Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Атамбаевди сотко берди