Баткен: Сөксөөл кунарсыз талааны кулпунтат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунун аймагында. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизип, жаңы ландшафт түзүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. Натыйжада соңку жыйырма жылда жасалма токойлордун аянты эки миң гектарга жетиптир.