Борбордук Африка Республикасынын башкалаасы Банги шаарында дүйшөмбүгө караган түнү Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн имараттарынын комплекси күйүп кетти. Бул тууралуу Евробиримдиктин аталган өлкөдөгү элчиси Дуглас Карпентер Твиттерге жазды. Анын айтымында, жабыркагандар жок.
Өрттүн кесепетин чагылдырган сүрөттөрдө имараттар олуттуу зыянга учураганы көрүнүп турат. Азырынча анын себептери тууралуу маалымат жок.
Өрт Банги шаарындагы "Русский дом" маданий борборунун жетекчиси Дмитрий Сытыйга кол салуу аракетинен бир нече күндөн кийин болгон. Орусия Сытыйдын колунда ага барган куту (посылка ) жарылып кеткенин билдирген. Дүйшөмбү күнү РБК анын абалы оор экенин, Москвага дарыланууга жөнөтүү чечими кабыл алынганын жазды.
Орусиялык “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын ээси деп айтылган Евгений Пригожин кол салууну "француздардан" көргөн. Ал буга чейин "орустарды Африкадан кетүүгө" чакырып, Францияда жашаган уулуна коркутуу болгонун билдирген. Пригожин орус бийлигин Францияны терроризмге демөөрчү өлкө катары таанууга чакырды. Азырынча Евробиримдиктин миссиясындагы өрт боюнча ал комментарий бере элек.
Борбордук Африка Республикасы - Франциянын мурдагы колониясы. Акыркы жылдары өлкө жетекчилиги Орусия менен келишимдерди түзүп, орусиялык аскерий инструкторлор ал жакта ишмердик жүргүзө баштаган. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бийликтин жергиликтүү оппоненттери орусиялыктарды өлкөдө жасалган ар кандай кылмыштар, анын ичинде сотсуз өлтүрүүлөр жана кыйноолор үчүн айыпташууда.
Француз аскерлеринин чакан контингенти өткөн жумага чейин Борбордук Африка Республикасынын аймагында болгон. 15-декабрда аларды чыгарып кетүү аяктаганы жарыяланган. Француз аскерлери БУУнун Борбордук Африка Республикасынын көп тармактуу стабилдештирүү миссиясына колдоо көрсөтүшкөн.
Дагы караңыз
Аалымдар кеңеши муфтийдин отчетун "жакшы" деп бааладыӨзбекстан Орусияны айланып өтүп, Европага жез сата баштады Улуттук банк алардын атын колдонгон шылуундар көбөйгөнүн эскертти Кемпир-Абад иши: адвокаттар Садыр Жапаровдун билдирүүсүн сындады