Украина кайрадан жапырт соккуга кабылды

Киевде адамдар метродо баш калкалап турушат. 

16-декабрда эртең менен Украинанын дээрлик бардык аймактарында аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланды. Орус аскерлери канаттуу ракеталарды учурганы тууралуу кабарланууда.

Украинанын бир катар облустарында, анын ичинде Киевде, Полтавада, Днепропетровскиде маалымат каражаттары жана администрация башчылары абадан коргонуу системалары иштеп жатканын билдирди.

Украинанын бир катар башка аймактарында, анын ичинде Киевде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Харьков жана Полтава электр жарыгысыз калганы айтылууда. Жардыруулар Кривой-Рог, Днепр, Запорожье жана Винница шаарларында да болуп жатат.

Кривой Рогдо, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, ракеталардын бири турак жайга тийген. Кеминде эки адам каза болуп, бешөө жараат алганы белгилүү.

Киевде адамдар метродо баш калкалап турат.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников британиялык Guardian гезитине берген маегинде кышында Орусия масштабдуу чабуулун күчөтүшү мүмкүндүгүн айтты.

Орусиянын Украинага басып киргенине 10 ай болду. Соңку кездери энергетикалык объектилерге сокку уруп жаткан Москва карапайым калк бутага алынганын четке кагып келатат.

Дагы караңыз

Болот Назаровдун сотунда жабырлануучулар көрсөтмө бердиСтамбулда тургундар мэрдин соттолушуна каршы митингге чыгышты