Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Стамбулда тургундар мэрдин соттолушуна каршы митингге чыгышты


14-декабрдын кечиндеги митингде тартылган сүрөт. Экрем Имамоглу тарапкерлеринин алдына чыккан учур.
14-декабрдын кечиндеги митингде тартылган сүрөт. Экрем Имамоглу тарапкерлеринин алдына чыккан учур.

Стамбулдун миңдеген тургундары шаардын мэри Экрем Имамоглуну колдоп экинчи күн катары менен митингге чыгышты. Буга чейин сот аны Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн кемсинткени үчүн эки жыл, жети айга эркинен ажыраткан.

Имамоглу 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдогандын ыктымал атаандашы катары каралууда. Соттун чечими күчүнө кирсе, саясатчы Стамбулдун мэрлигинен алынып, шайлоого катышууга тыюу салынат.

14-декабрда чыккан сот чечимине каршы Конституциялык сотко апелляциялык арыз берилиши мүмкүн.

Имамоглу 2019-жылы Стамбулдун мэрлигине өткөн шайлоолорго байланыштуу айыпталууда. Имамоглу анда бийликчил партиянын талапкерин жеңип, Стамбулдун мэрлигине шайланган. Бирок шайлоо комиссиясы бурмалоо болгонун айтып, шайлоону жараксыз деп тапкан.

Имамоглу кайра шайлоодо да уткан. Ал шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн эл алдында “акмактар” деп атаган, сот муну 2022-жылы кылмыш деп тапкан. Түрк мыйзамдарына ылайык, бийликти кемсинткендер төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG