Үй-бүлөдөгү зомбулук: "Аялдын сөөгү сандыктан чыкты"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктан дагы эки келиндин жаш өмүрү жайран болду. 14-декабрда Кара-Сууда чогуу жашаган аялды өлтүрдү деген шек менен 49 жаштагы жаран кармалды. 11-декабрда Сокулук районунда жарандык никедеги эркектин ур-токмогунан 24 жаштагы келин ооруканада үзүлдү. Өлкөдө акыркы эки жылда жайырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишинин колунан мерт болду.