Кыргызстанда 168 бала бакча карантинге жабылды

Бишкектеги бала бакчалардын бири.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 50, Баткенде эки, Ысык-Көлдө 18, Нарында төрт, Жалал-Абадда 19 жана Таласта 75 мектепке чейинки билим берүү уюму убактылуу жабылды. Өлкөдө баш-аягы 1712 бала бакча бар.

Андан тышкары балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп онлайн окутууга өттү.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Ачкачылык жарыялагандардын саны 19га жеткени кабарландыГараж кооперативдери мэрия алдына акцияга чыгышты (видео)Бишкек: Мэр таштанды заводу боюнча маселе дээрлик чечилгенин айттыКыргызстанда 509 мектеп карантинге жабылдыСадыр Жапаров иш күнү футбол ойногон себебин түшүндүрдүБензиндин айрым түрүн өлкөгө киргизбөө сунушталууда