Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Садыр Жапаров иш күнү футбол ойногон себебин түшүндүрдү


Садыр Жапаров "Мурас" футболдук турниринде сүйлөп жатат. 14-декабрь, 2022-жыл. Бишкек
Садыр Жапаров "Мурас" футболдук турниринде сүйлөп жатат. 14-декабрь, 2022-жыл. Бишкек

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде иш күндөрү футбол ойногону тууралуу сындарга жооп берип, "мындан трагедия жасоонун кереги жок" экенин айтты.

"Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырма берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок", - деди Садыр Жапаров.

Президент футбол оюну менен жаштар арасында спортту пропаганда кылуу максатын көздөгөнүн да белгилеген. Ал жаштар эртеден кечке компьютер ойноп, кыймыл жоктугунан көбүнүн ден соолугу начарлап кеткенин кошумчалаган.

"Ошондуктан, жаш-кары дебей, элдин баарын спортко үндөө үчүн пропаганда кылып, кеңири жайылталы деген максатыбыз болду", - деген маекте Жапаров.

14-15-декабрда Бишкекте "Мурас" футболдук турнири өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган өкмөт өкүлдөрүнөн турган 16 команда катышууда. "Мурас" атындагы турнир быйыл май айында да болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG