Кыргызстанда балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп карантинге жабылды.
Бул тууралуу билим берүү, илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.
"15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз", - деди Ашымбаева.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Ооругандардын 70% чукулу 14кө чыга элек балдар. Бишкек шаары менен Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды. (BCh)
Дагы караңыз
Ыш көйгөйү: Нормасы 15 деген көрсөткүч 350гө жетүүдөБишкек: Конуштарды газдаштыруу планынын жарымы аткарылган жок Катар-2022: чемпиондукка бир кадам, Мессинин эңсөөсү Садыр Жапаров иш күнү футбол ойногон себебин түшүндүрдү