Ыш көйгөйү: Нормасы 15 деген көрсөткүч 350гө жетүүдө

Депутат Маматалиевдин Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып жасалган презентациясы.

Кыргызстанда 2010-2019-жылдар аралыгында жыл сайын адам өлүмүнүн 12-13% (болжол менен 4100-5000) абанын булганышынан улам болгонун бүгүн 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыш маселеси талкууланып жатканда Эл аралык гидрометеорологиялык институттун маалыматына таянып депутат Марлен Маматалиев билдирди. Ал булганыч аба адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп, төмөнкү маалыматтарды келтирди:

“PM2,5 – бул курамында сульфат, нитрат, оксид сыяктуу өзүнчө бир зыян химиялык бөлүкчөлөр экен. Ошолордун нормасы 15 эле болушу керек. А бизде, тилекке каршы, мурдагы жылы 420 болчу, азыр 320-350гө чейин көтөрүлүп жатат”.

Жыйынга катышып жаткан жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова адам өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды жарыялоодо этияттык керектигин белгиледи:

“Суранат элем, адамдар дал ушул абадагы PM катуу бөлүкчөлөрү үчүн ооруп жатат же түздөн-түз өлүм ошонун айынан болуп жатат дегенди аябай абайлап айтыш керек. Анткени биздин маалымат такыр тескери болуп жатат.

Ноябрдын соңунда ЮНИСЕФтин "Булганыч абанын аялдар менен балдардын саламаттыгына, социалдык жашоосуна тийгизген таасири" деп аталган изилдөөсү чыккан. Анда Бишкектеги абанын булганышынан бир жылда 112 адам көз жумганы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматты ырастаган эмес жана мындай суроолорго жооп берүүдөн мурда олуттуу иликтөө жүргүзүп, илимий түрдө негиздеш керектигин билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Ачкачылык жарыялагандардын саны 19га жеткени кабарландыФутбол: Франция-Марокко оюнунан кийин Парижде мушташ чыкты Кумтөр: Депутаттык комиссия кыскаргандан кийин да жыйынга чогула албай жататКемпир-Абад иши: активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялады