Сокулукта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин каза болду

Зомбулукка каршы акциялардын бири.

Сокулук районунда жарандык жолдошунун ур-токмогунан 24 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

11-декабрда Сокулук райондук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө ар түрдүү жараат алган келин жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, каза болуп калган.

Бул факт боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү иш козгоп, маркумдун жарандык жолдошу, 1992-жылы туулган адам кармалган. Ал Кылмыш жазык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык убактылуу тергөө абагына камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин статистикасына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болду, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Расмий маалыматта үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 2021-жылы 9038 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү балдарга тиешелүү. (BCh)

Дагы караңыз

Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирдиБишкекте "Мурас" футбол турнири башталды"Биз үчүн жооптуусуңар". Абактагылар бийликке кайрылдыЖапырт камалгандардын айрымдары ачкачылык жарыялашты