Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте "Мурас" футбол турниринин кезектеги беттеши башталды.
Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, журналисттер, ишкерлерден турган 16 команда катышууда.
"А" тайпасында "Президенттин администрациясы", "Фемида" (соттук бийлик өкүлдөрү), "Журналисттер" жана "Спорт федерациясы" ойнойт. Бүгүн чейрек финалдык беттештер болуп, эртең 15-декабрда жарым финал жана финал болот.
Оюн КТКР Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан түз көрсөтүлүүдө.
"Мурас" футбол турниринин биринчи айлампасы быйыл май айында өткөн. Анда Жогорку Кеңештин командасы биринчи орунду алган.
Садыр Жапаров буга чейин май айында, андан соң августта футболдук турнирлерде ойногон. (BCh)