Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса каралат. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо боюнча абалды күнүгө мониторинг кылууда. Эгер мониторингдин жыйынтыгы мектепте окуучулардын жалпы санынан 20% сасык тумоого байланыштуу сабакка барбай жатканы аныкталса, саламаттык сактоо жана билим берүү башкармалыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карантин тууралуу сунуш киргизе алат.
Министрлик азыр сасык тумоо көп катталып жатканына байланыштуу эл көп чогулган жерлерге барбай кое туруу керектигин эскертти.
13-декабрга карата Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, алты мектеп карантинге жабылды. (RK)
Дагы караңыз
Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылдыБабур атындагы театрдын ремонт иштери жазында аяктары кабарландыРуфус Эдвард: Булганыч аба ден соолукту талкалоодоАКШ Мамкатчысы кыргыз-өзбек чек ара келишимин кубаттады