Беларуста камактагы оппозициячыл саясатчылар Мария Колесникова менен Сергей Тихановскийдин адвокаттары Владимир Пыльченко менен Виктор Мацкевичтин лицензиялары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Zerkalo.io басылмасы жазды. Ага ылайык, Пыльченко Минск шаардык адвокаттар коллегиясынын курамынан чыгарылды. Мындан кийин бул адвокаттар сот жараяндарына катыша албайт жана түрмөдө жаткан саясатчыларга киргизилбейт.
Ушул айдын башында квалификациялык комиссия Пыльченко менен Мацкевичти аттестациядан өткөргөн эмес.
Беларустун башчысы Александр Лукашенкого каршы 2020-жылкы нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири Мария Колесникова өткөн жылдын сентябрь айында 11 жылга эркинен ажыратылган.
Беларустун президенттигине талапкерлигин коюуну пландап жүргөн видеоблогер Сергей Тихановский мындан туура бир жыл мурда тополоң уюштурган деген айып менен 18 жылга кесилген. Анын аялы Светлана Тихановская күйөөсү камалгандан кийин анын ордуна президенттикке ат салышкан. Кийин Беларустан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Камактагы оппозиционерлер кылмыш ишинин козголуп, соттолушун саясий куугунтук катары баалап келет.
2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңүүчү деп табылган. Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциялары күч менен таратылган жана жүздөгөн адамдар кармалган.
Батыш мамлекеттери шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган.
Дагы караңыз
Ноокен: өкмөт өкүлдөрү төрт баласы майып үй-бүлөдөн кабар ала элек Латвия Алексей Коростелёвду "кара тизмеге" киргиздиМосква: кыргыз жарандарын медициналык кароодон өткөрүү маселелери талкууланды Жапаров менен Путин маалымат коопсуздугун камсыздоону белгилешти Путин АКШ менен Орусия башка жарандарды да алмашуусу ыктымалдыгын айттыТоолуу Бадахшанда кармалган журналист 21 жылга кесилди