Москва: кыргыз жарандарын медициналык кароодон өткөрүү маселелери талкууланды

Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков 8-декабрда Москва шаарындагы медициналык жайлардын өкүлдөрү менен жолукту. Маалыматка ылайык, анда кыргызстандык мигранттар жугуштуу ооруларга байланыштуу кошумча текшерүүгө жиберилип жаткан учурлар көбөйгөнү талкууланды.

"Консул мекендештер мындай текшерүүнүн жыйынтыгынын тактыгынан күмөн санап жатканын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал бул жагдай кыргыз жарандарынын укугунун сакталышына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Өз кезегинде орусиялык медиктер жугуштуу ооруга шек саноо болгон учурда чет өлкөлүк жарандар кошумча медициналык текшерүүдөн өтөрүн, инфекциялык оору аныкталса белгиленген тартипте дарыланарын айтып түшүндүрмө берди", -деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, ушул жылдын 11 айында Орусияда 152 миңдей кыргызстандык мигрант медициналык кароодон өтүп, алардын ичинен 2,5 миңи (1,7%) кошумча текшерүүгө жиберилген. Алардын теңинен жугуштуу оорулар аныкталган.

Орусияда сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсеп менен орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул.

Дагы караңыз

Латвия Алексей Коростелёвду "кара тизмеге" киргиздиЖапаров менен Путин маалымат коопсуздугун камсыздоону белгилешти Путин АКШ менен Орусия башка жарандарды да алмашуусу ыктымалдыгын айттыТоолуу Бадахшанда кармалган журналист 21 жылга кесилдиЧечен оппозициясы активист Абдурахмановдун өлтүрүлгөнүн төгүндөдү