Зеленский Украинадагы согуш келерки жылы аякташы мүмкүн экенин айтты

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия баштаган согуш 2023-жылы аяктайт деп үмүттөнүп жатканын айтты. Бул тууралуу пикирин ал өзүн Европадагы эң таасирдүү адам деп тааныган америкалык Politico басылмасына кайрылууда билдирди.

“Мен келерки жылы украиналыктар таасирлүү болот деп үмүттөнөм. Бирок тынчтык убакта”, – деди Зеленский.

Ал ошондой эле “миллиондогон украиндерге бул оор мезгилден өтүүгө жардам берип жатканы үчүн Украинанын Европадагы бардык досторуна” ыраазычылык айтты.

Мунун алдында, шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өзү “атайын аскердик операция” деп атаган Украинадагы согуш “узак процесс” болуп калышы мүмкүндүгүн белгилеген. “Маанилүү жыйынтык катары” Орусия Украинанын бир катар аймактарын аннексиялаганын атады. Муну дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныган эмес.

Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер европалык континенттин жүзүн аныктаган POLITICO 28 жылдык рейтингинин башына чыкты. Анын алдында Зеленский Time журналынын версиясы боюнча да жыл адамы деп аталган. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция Каракол шаардык кеңешинин депутаты издөөгө алынганын билдирди Өкмөт башчы Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп бүтөрүн айтты Өкмөт: "Манас", "Ош" аэропортторун тышкы башкарууга берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасына" корогон акча жөнүндө түшүндүрмө берди (видео)Блогер Адилет Балтабай сот чечимине каршы арыз даярдалып жатканын билдирди