Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Блогер Адилет Балтабай сот чечимине каршы арыз даярдалып жатканын билдирди


Адилет Али Мыктыбек. Архивдик сүрөт.
Адилет Али Мыктыбек. Архивдик сүрөт.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек прокуратура аны абактан бошоткон сот чечимине каршы апелляциялык арыз даярдап жатканын билдирди. 8-декабрда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып ал мындай маалыматты тааныш булактарынан алганын айтты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11-ноябрда Балтабайды Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Жапырт башаламандык") негизинде күнөөлүү деп таап, беш жыл чегерген. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.

Ички иштер министрлиги анын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин билдирген. Өзү коюлуп жаткан айып негизсиз экенин, куугунтук жүрүп жатканын айткан.

Адилет Балтабай Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликтин айрым чечимдерине каршылык билдирген акцияларды түз эфирде чагылыдырып жүрчү. (RK)

XS
SM
MD
LG