АКШ Конгресси коргонууга 848 миллиард доллар бөлүүгө макул болду

Капитолий.

АКШ Конгрессинин Сенаты 2023-жылга коргонуу бюджетин 847,3 миллиард доллар өлчөмүндө белгилөөгө макул болду. Эл өкүлдөр палатасы да бул каражатка каршы болгон эмес. Сумманын 800 миллиону Украинага аскердик жардам катары берилет.

Бул АКШнын тарыхында коргонууга бөлүнгөн эң чоң каражат. Конгрессмендер менен сенаторлор эми өз ара макулдашылган бюджетке добуш берет. Андан кийин ага президент Жо Байден кол коет.

Бюджеттин долбоорунда Орусиянын Европага коркунучун “токтотуу” үчүн 6 миллиард доллар бөлүү да каралган. Документке ылайык, Вашингтон Москва менен аскердик кызматташууга дагы беш жылга тыюу салат, ошондой эле Орусияны эл аралык уюмдардан, анын ичинде "Чоң жыйырма" тобунан чыгарууга аракет кылмакчы.

Мындан тышкары, долбоордо “Орусия менен алтын транзакцияларына билип туруп катышкандарга” карата экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү тууралуу да айтылган.

2021-жылы АКШнын коргонуу бюджети 740,5 миллиард доллар (өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 3,5%) болгон.

Дагы караңыз

Британияда падышаны көздөй жумуртка ыргыткан адам кармалдыКадамжай: Машинадагы жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдөДепутаттардын Башкы прокуратурага суракка барганы иликтенет