АКШда кыргыз жарандарынын виза мөөнөтүн узартуу сунушу талкууланды

Чикаго.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 6-декабрда билдиргендей, Чикагодогу башкы консул Болотбек Борбиев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушту.

Тараптар АКШдагы кыргызстандыктардын укуктары, алардын виза мөөнөтүн узартуу жана Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинен виза алуу маселесин талкуулашты.

Кыргызстандыктардын туристтик визаcынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу сунушу ортого салынды. Ошондой эле Бишкектеги элчиликтен виза алууну каалагандарды көбүрөөк санда кабыл алуу маселеси көтөрүлдү.

Чикагодо Кргызстандын Башкы консулдугу быйыл 8-августта ачылган. Соңку жылдары АКШга көчүп барган кыргызстандыктар көбөйүүдө. Алардын эң көбү Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жашайт. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстан: энергетикалык кризистин эпкини"Азаттык" тарткан тасма Аялдар киносунун жумалыгында көрсөтүлөтАктан Арым Кубат: Адамда кайгыруу, түйшөлүү болбосо жетилбейтБишкекте “Ааламдашуу шартындагы медиа” эл аралык форуму өтүүдө