Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

"Азаттык" тарткан тасма Аялдар киносунун жумалыгында көрсөтүлөт


Айгерим Акылбекова.
Айгерим Акылбекова.

“Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова жана оператор Бексултан Абибакир уулу тарткан “Мигрант аял” тасмасы Бишкекте өтүп жаткан Аялдар киносунун жумалыгынын алкагында 8-декабрда көрсөтүлөт.

Тасма Түркияга балдарын багуу үчүн кетип, жылдап жакындарын көрбөй иштеп жаткан аялдардын көз жашы, кусалыгы, турмушу тууралуу баяндайт. Анын каармандары – кары-калтаң баккан, үй жыйнап иштеген, сезондук иштерге тартылган беш аял.

Тасманын каарманы Элмира Сабырова.
Тасманын каарманы Элмира Сабырова.

5-8-декабрда Улуттук тарых музейинде гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында аялдар тарткан тасмалардын жумалыгы өтүп жатат.

Жумалык кино тарткан айымдарга колдоо көрсөтүү жана аларга кеңири аудиторияга эмгегин тартуулап, көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин режиссёр аялдардын гендердик теңсиздик жана коомдо курч маселеге айланган зомбулук тууралуу тасмалары көрсөтүлүүдө.

Аялдар киносунун жумалыгы – Европа Биримдиги (ЕБ), Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «Теңдик нуру» демилгесинин "Азия чыгармачыл айымдарынын коомдук кору" менен болгон кызматташтыгынын жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өтүп жатат. (AiA)

XS
SM
MD
LG