Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте “Ааламдашуу шартындагы медиа” эл аралык форуму өтүүдө. Аны Улуттук телерадиоберүү корпорациясы уюштурду.
Корпорациянын 90 жылдыгына арналган форумга жергиликтүү жана эл аралык медиа өкүлдөрү, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбектан, Беларус, Ирандын элчиликтеринин өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулар, медиа серепчилер катышууда.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө телекөрсөтүү тармагы коомдун жашоосунда өтө маанилүү орунду ээлей турганын, маалымат жеткирүүдө журналист жоопкерчиликтүү, акыйкат, чынчыл болушу керектигин белгиледи.
Уюштуруучулардын айтымында, форум “жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирин, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасын талкуулоо” максатында уюштурулду.
2010-жылы бийлик алмашкандан кийин коомдук деген макамга ээ болгон корпорация быйыл 11-майда улуттук деген макам алган.
Буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми УТРКнын башкы директорун дайындоо жана иштен алуу укугу президентте.
Каналдын байкоочу кеңеши жоюлуп, жетекчи аткарылган иштер тууралуу жыл сайын президентке маалымат берип турат. (KO/RK)
Дагы караңыз
Актер Чыңгыз Мамаевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү Экибастуз: ЖЭБ кызматкеринин өлүмү иликтенүүдөШвеция Абдурахмановдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай элекЗеленский: Биз атып түшүрүп жаткан ар бир ракета - террорду жеңсе болорунун далили