Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Зеленский: Биз атып түшүрүп жаткан ар бир ракета - террорду жеңсе болорунун далили


Владимир Зеленский. 2022-жылдын 5-декабры.
Владимир Зеленский. 2022-жылдын 5-декабры.

Орусиянын Украинага 5-декабрда жасаган кезектеги жапырт чабуулдарынан кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылганын украин президенти кечки видео кайрылуусунда айтты.

«Негизги жыйынтык – 70 орусиялык ракета келди, көбүн атып түшүрдүк. «Калибрлер», Х-101 жана башкалар. Мен «Чыгыш», «Түштүк» жана «Борбор» аба командачылыктарынын бардык жоокерлерине ыраазычылык айтам. Азаматсыңар! Бизге абадан коргонуу системаларын берген өнөктөштөрүбүзгө да рахмат. Атып түшүрүлгөн ар бир ракета террорду жеңсе болорунун даана далили», – деди Зеленский.

Анын айтымында, энергетиктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн колунан келген бардык аракетин көрүүдө. Алар Одесса, Запорожье жана Харьков облустарында иштеп жатышат.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салгандан бери аткылоосун токтото элек. Андан бери эки тараптан тең миңдеген аскерлер жана жай тургундар каза болууда. Миллиондогон украин жараны өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болуп, сырт жакта качкын болуп жүрөт.(RK)

XS
SM
MD
LG