Актер Чыңгыз Мамаевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Чыңгыз Мамаевге байланыштуу соттук отурум. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн бүгүн, 6-декабрда "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай чечим "Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн" деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган.

Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту жабык карап жаткан.

Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Экибастуз: ЖЭБ кызматкеринин өлүмү иликтенүүдөШвеция Абдурахмановдун өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай элекЗеленский: Биз атып түшүрүп жаткан ар бир ракета - террорду жеңсе болорунун далилиОрусия Украинага кайрадан жапырт чабуул жасады