Акыркы бир айда АКШдан Польшага жана Грекияга 2400гө жакын аскер жана техника жөнөтүлдү. АКШнын армиясы маалымдагандай, бул - "Атлантика келишиминин" бир бөлүгү. Жарыяланган баяндамага ылайык, "АКШ аскердик даярдыкты жогорулатуу, кызматташтыкты чыңдоо жагынан НАТОго берилгендигин көрсөтүүдө".
Америкалык полковник Браян Харристин сөзүнө ылайык, алар кетерден мурун бир канча ай даярдыктан өтүштү.
Февраль айында Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТО Балтикага кошумча аскерлерин, кемелерин жана учактарын жөнөтүп, чөлкөмгө НАТОнун түздөн-түз командачылыгы астында 40 миңге жакын жоокерин жайгаштырган.
Дагы караңыз
Коюу тумандан улам Бишкек-Ош каттамдары кармалуудаРамзан Кадыровду сындап жүргөн блогер Швецияда киши колдуу болду"Кылым шамы" митингдерди тыйган чечимге каршы сотко кайрылды