Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Рамзан Кадыровду сындап жүргөн блогер Швецияда киши колдуу болду


Тумсо Абдурахманов.
Тумсо Абдурахманов.

Чеченстандык оппозициялык блогер Тумсо Абдурахманов Швецияда киши колдуу болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, аны 2-декабрга караган түнү атып кетишкен.

Бул тууралуу 1ADAT телеграм каналы жеке булактарына таянып жазды. Маалыматты "Эркин Европа\Азаттык" радиосуна блогердин жакындары тастыктады. Швециянын укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.

Кремлдин саясатын жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн 34 жаштагы Абдурахманов 2015-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. 2020-жылы да белгисиз адам Швециядагы анын батирине балта менен кирип барып, блогер аны токтотуп калганы кабарланган.

2020-жылы Австрияда чечен блогери Анзор (Мамихан) Умаровду атып кетишкен. Ошол жылы февралда Францияда Мансур Кары деген ысым менен таанымал чеченстандык Имран Хандын сөөгү табылган. Полиция анын денесине 135 жолу бычак сайылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG