Бишкекте түнкү клубда ок атылган окуянын чоо-жайы териштириле баштаганын 5-декабрда шаардын ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милицияга 4-декабрда кайрылган адам клубда бирөөлөр менен уруша кетип, алар ок чыгарганын айтып берген.
Promzone түнкү клубунда болгон окуя Октябрь райондук милициясында Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен каттоого алынып, шектүү эки киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кыргызстанда курал алып жүрүү укугу атайын текшерүүдөн жана каттоодон өткөндөргө гана берилет. Алардын иш-аракети “Курал жөнүндө” мыйзамдын алкагында жөнгө салынат. (RK)
Дагы караңыз
Маңзат сатууга шектелген дарыканачы кармалдыДача СУ: Комиссия корутундусу, кандуу жүктүн изиБаткен: Чек арада кырдаал тынч, жараат алган адамдын абалы туруктууБлинкен: Путин сүйлөшүү жүргүзүүгө кызыкдар болбой жатат