Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Маңзат сатууга шектелген дарыканачы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте психотроптук дарыларды уруксатсыз сатууга шектелген дарыкана кызматкери кармалганын бүгүн, 5-декабра шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, милиция “Рефлекс” деген аталыш менен рейд уюштуруп, дарыканаларды текшерди.

Текшерүү баңгиликтин дарыдан көз каранды түрүн алдын алуу, психотроптук дарылардын рецептсиз жана дарыгердин уруксатысыз сатылышына, андай каражаттарды өспүрүмдөр сатып алып жатышына каршы күрөшүү максатында жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Милиция кызматкерлери жалпысынан 30га жакын дарыкананы кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгиленди.

Мекеме билдиргендей, Ош базарынын аймагындагы дарыканаларды текшерүү учурунда 31 жаштагы фармацевт кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Факт каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Дарыгерлер соңку жылдары Кыргызстанда “дарыкана баңгилиги” күчөп, адамдар, айрыкча өспүрүмдөр маңзат катары кадимки дарыканада сатылуучу атайын каражаттарды көп колдоно башташканын, анын кесепети оорураак экенин белгилеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG