Ирандын түштүгүндөгү Систан жана Белужистан провинциясынын суннит диниятчылары Ислам жумуриятынын бийлигине кайрылып, демонстранттарды кандуу куугунтуктоону токтотууга чакырган видео таратты.
29-ноябрда жарыяланган видеодо билдирүүгө кол койгондордун мечитте чогуу отурганын көрүүгө болот.
Иранда 22 жаштагы активист Махса Амини аттуу кыз хижабсыз жүргөнү үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгон соң өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Мындан 400дөн ашуун адам өлгөнү кабарланган.
Кеңири жайылган демонстрацияларды эксперттер 1979-жылдагы ыңкылаптан берки ислам өкмөтү үчүн эң чоң коркунуч катары сыпаттап жатышат.
Дагы караңыз
Июнь коогасы: сотко бийликтеги адамдар күбө катары чакырылатШайлообек Атазов аны суракка алган прокуратурага нааразылыгын билдирди (видео)Франция: Орусияга каршы эл аралык трибунал түзүү жараяны башталды