Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:33

Франция: Орусияга каршы эл аралык трибунал түзүү жараяны башталды


Париждеги Эйфелмунарасы Украинанын желегинин түсүндө жарык берип турган учуру.
Париждеги Эйфелмунарасы Украинанын желегинин түсүндө жарык берип турган учуру.

Франция Орусиянын Украинага каршы агрессиясын иликтөө үчүн эл аралык трибунал түзүү аракети башталганын билдирди. Европа жана тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Франция бул ишти Европа өлкөлөрү жана Украина менен биргеликте жүргүзүп жатат.

"Орусиянын Украинага агрессиясынан кийин жасалган кылмыштар жазасыз калбашы үчүн күрөшүү - Франция үчүн приоритет", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга Кремлден комментарий бериле элек.

Париж Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин Орусиянын Украинада жасаган кылмыштарын иликтөө үчүн БУУнун алдында атайын трибунал түзүү сунушун да белгиледи.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Миңдеген кишинин өмүрүн алган согушту Москва "атайын операция" деп атаган.

XS
SM
MD
LG