Мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу сунушталды

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

Кыргызстанда кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткен экс-президенттерди мамлекеттик күзөттөн ажыратуу же кайсы бир убакытка гана берүү сунушталууда. Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңеште экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзам талкууланып жатканда бул маселени депутат Дастан Бекешев көтөрдү:

“Азыркы мыйзамда экс-президентке мамлекеттик күзөт өмүрүнүн аягына чейин берилери, азыркы президентке төлөнүүчү айлыктын 75% кем эмес маяна төлөнөрү жазылып турат. Мейли, медициналык камсыздандыруу керек, ал кала берсин. Ал эми мөөнөтүнөн мурда кетсе, мамлекеттик күзөттү алып салбайлыбы. Мамлекеттик бюджетти сактайлы. Кайсы бир мөөнөткө деп аныктап берели, өмүр бою дебей. Бир эле киши каршы болбосо, бүтүн эл колдойт. Азыр 200 миң сомдук пенсияны ким эле алып жатыптыр? Социалдык адилеттик болушу керек да”.

Айрым депутаттар Бекешевдин мындай сунушун колдой турганын айтса, кээ бирлери каршы болду.

Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов билдиргендей, бүгүнкү күндө "экс-президент" деген макамы бар мурдагы жетекчилерди өкмөт өмүр бою мамлекеттик күзөт менен, өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө, азыркы президенттин эмгек акысынан 75% кем эмес маяна, санитардык-курорттук тейлөө менен камсыздоого милдеттүү. Ошондой эле аларга мамлекеттик дача берилиши керек.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декретти, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. Бешөөнүн арасынан Отунбаева менен Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берген. (RK)

Дагы караңыз

Украинанын көзөмөлүнө өткөн Херсон шаары аткылоого кабылдыИюнь коогасы: Алмазбек Атамбаев соттун жүрүшүн "цирк" деп атады (видео)Кыргыз коомунун кубаныч-кайгысын тарткан ТатьянаИюнь коогасы: сотко бийликтеги адамдар күбө катары чакырылат