Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Украинанын көзөмөлүнө өткөн Херсон шаары аткылоого кабылды


Согуштун Херсондогу кесепети. Архив.
Согуштун Херсондогу кесепети. Архив.

Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Ярослав Янушевич калааны орус аскерлери аткылаганын билдирди. Анын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. «Херсонобленерго» көйгөйдү жоюу аракетин көрүп жатат.

11-ноябрда Украина Херсон шаарын кайтарып алган. Орус аскерлери Днепрдин оң жээгинен чегинишкен. Украин тарап андан бери шаар такай аткыланып жатканын билдирген.

Башкы штаб 1-декабрда кабарлагандай, украин күчтөрү Донецк облусунун чыгыш тарабында салгылашып жатат. Ал эми түштүктө орус аскерлери коргонуу позицияларын бекемдеп, Херсонго сокку урууну күчөттү.

Ал тапта АКШнын Коргоо министрлиги Украина үчүн NASAMS абадан коргонуу системасын сатып алуу боюнча Raytheon компаниясы менен 1,2 миллиард долларлык келишимге кол койду.

Пентагондун сайтында жазылгандай, Raytheon Украинага "жер-асман" сериясындагы ракеталык системаларды жеткирет. Келишимдин аяктоо мөөнөтү 2025-жылдын 28-октябрына белгиленген.

Киевге абадан коргонуу системаларын жеткирүү Орусия Украинанын электр станцияларына абадан сокку уруусун күчөткөндөн кийин жанданды.

XS
SM
MD
LG