Германиянын энергетикалык Uniper концерни "Газпромду" сотко берет

Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын энергетикалык Uniper концерни Орусиядан газ берүү токтогонуна байланыштуу ири чыгашага учурап жатканы үчүн "Газпромдун" үстүнөн "Эл аралык арбитраждык сотко кайрылууну чечти.

Бул тууралуу Deutsche Welle жазды.

Uniper концернинин башчысы Клаус-Дитер Маубах билдиргендей, "Газпром" келишимде белгиленген көлөмдөгү газды бербей жатканы үчүн компанияга "олуттуу каржы чыгашасын" төлөп бериши керек.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин Европага сатып келген газынын көлөмү кескин кыскарган. Августта "Газпром" "Түндүк кууру" боюнча газ берүүнү биротоло токтотту.

Бир нече жылдардан бери Орусиянын газын алып келген Uniper эми аны башка өлкөлөрдөн кыйла кымбат баада сатып алууга мажбур болууда.

"Башкалардан газ сатып алганыбыздын өзү эле биздин компанияга 11,6 млрд. долларга айланды", - деди Майбах.

Мурдараак Uniper концерни согуштун кесепетинен 40 млрд. доллар чыгым болгонун маалымдаган.

Германиянын өкмөтү ишкананы улутташтырууну көздөп жатат.

Орусиянын "Газпром экспорт" компаниясы Uniper концернинен алынган доо арызды иликтеп жатканын, ошол эле учурда келишимди бузбаганын билдирүүдө.

Дагы караңыз

Соцтармактарда Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо өнөктүгү жүрөтКыргызстанда ВИЧ жуккандар 12 миңден аштыГуанчжоуда коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилдиОрусияда сот бир адамдын мобилизация болушун мыйзамсыз деп чечтиТөө буурчактан гүлазык чыгарган ишкерлер"Туратали" базарынын жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү окуя боюнча иш козголду"Бир ай эле жашайт дешкен". Жашоо үчүн күрөшкөн Жеңишбек