Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Соцтармактарда Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо өнөктүгү жүрөт


Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш. Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш. Бишкек. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүрөт.

Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыяланат.

Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышуусу күтүлүүдө.

Үгүт өнөктүгү учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.

Акция 9-декабрь - Эл аралык адам укуктарынын күнүндө аяктайт. Ал күнү Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргызстандын Медиа Актив Платформасы менен биргеликте журналисттердин ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир катар өлкөлөр “Азаттыктын” сайтынын эки айга жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө, активисттердин камалышына тынчсыздануусун билдирген.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланып, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат. Президент Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG