Улуттук жазуучулар союзу карызынан кутулуу үчүн марафон өткөрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу 9-декабрда марафон өткөрөт.

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өтө турганы аталган союздун сайтына жазылды. Маалыматка ылайык, марафондон түшкөн каражаттар Жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо, улуттук адабиятты колдоо үчүн багытталат.

Мындан тышкары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаментине” 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1 млн. 457 071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөөгө жумшалат.

Кыргызстандын Жазуучулар союзу 1934-жылы уюшулган. 2004-жылы "Улуттук" макамга ээ болгон.

Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.(ZKo)

Дагы караңыз

Мирзохалим Каримов - эки элдин данакер жазуучусу"Темировдун депортацияcы советтик доорду эске салат"Каржы пирамидасын жарнама кылууга кылмыш жазасы сунушталдыБишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктү камакта калтырдыУлуттук банктын карамагында 38 тонна алтын бар экени кабарланды