Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктү камакта калтырды


Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

“Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы 25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралган.

Шаардык сот аны 10-январга чейин камоо жөнүндө Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

20-ноябрга белгиленген сот жараяны Бөлтүрүк ооруканага жатып калганына байланыштуу жылдырылган.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов да кармалган.

Башкы көзөмөл органы ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин кабарлаган. Баш-аягы үч кылмыш иши козголгон.

Бөгөт чарасы каралып жаткан сотто Тенгиз Бөлтүрүк бул ишке тиешеси жок экенин айткан.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу Бөлтүрүк жетектеген “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-ноябрда Жогорку Кеңеште Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин, анын ишине сот гана чекит коёрун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG