Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-ноябда саат 19:02де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Нарын районунун Достук айылында 4 балл, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жан-Булак, Куланак, айылдарында 3,5 балл, Шоро, Ылайлуу-Суу, Учкун, 8-Март, Миң-Булак, Жалгыз-Терек айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилди.
Баштапкы маалыматтарга караганда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.(ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте балдарды жол кырсыгынан сактоого үндөгөн акция өттүКатарда футбол оюнун адам укуктарын коргоого чакырган активист бузду Орусиялык оппозиционерге эл аралык уюмдун сыйлыгы берилдиБаткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жолугушту Кыргызстанга кирген жана чыккан акча рекорддук чекке жетти