Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Бишкекте балдарды жол кырсыгынан сактоого үндөгөн акция өттү


Караңгыда жарык чыгаруучу элементтер. Бишкек. Ноябрь, 2022-жыл.
Караңгыда жарык чыгаруучу элементтер. Бишкек. Ноябрь, 2022-жыл.

"Жашагың келсе, жарык чач" аттуу акция Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖККБ) демилгеси жана бир катар ишканалардын колдоосунда 28-ноябрда өттү.

Акция учурунда башталгыч класстардын окуучуларына караңгыда жарык чыгаруучу буюмдар берилди.

Демилгечилердин маалымдашынча, колго байлануучу, балдардын китепкабына тагылуучу илмектер караңгыда жарык чыгарып, балдардын жолдо жүрүү коопсуздугун шарттайт.

Мындан тышкары акция учурунда ЖККБнын кызматкерлери жолдо жүрүүнүн эрежелерин балдардын эсине дагы бир жолу салып, алардын суроолоруна жооп беришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы тогуз айда Кыргызстанда жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79у бала. 7888 киши, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алышкан.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын катасынан болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70 пайызы 25тен 40 жашка чейинки курактагылар (ZKo)

XS
SM
MD
LG