Ошто дагы сөз эркиндигин колдоо акциясы өттү

Ош шаарындагы акция.

Бүгүн, 25-ноябрда Ош шаарында дагы сөз эркиндигин колдогон акция өттү. Ага отуздай журналист, блогер жана жарандык активисттер катышты. Чогулгандар "сөз эркиндигине басымды токтоткула", "көз карандысыз медиаларды кысымга алганды токтоткула" деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Мындан сырткары алар Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду кайтарып келүү талабын коюп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Ушул эле күнү Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды. "Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат.

Ири эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө. (AAb)

Дагы караңыз

Али Токтакунов бийлик өкүлдөрүн журналисттер менен жолугууга чакырдыАлиев Брюсселде Пашинян менен жолукпай турганын айттыБишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өтүүдөМирзиёев Кыргызстанга декабрда келет