Садыр Жапаров аймактык реформа Түп районунан башталарын билдирди

Реформанын алкагында Түптөгү айыл аймактарынын саны кыскарат.

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда элдик курултайда административдик-аймактык реформага камылга башталганын билдирди. Анын алкагында Ысык-Көлдүн Түп району пилоттук аймак катары тандалып алынганын маалымдады.

"Бүгүнкү күндө башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы модели зарыл болуп турат. Учурда реформа жүргүзүүгө даярдык башталып, пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык. Бул реформанын алкагында райондогу 13 айыл аймагынын базасында беш эле айыл аймагы түзүлөт. Бул райондогу реформанын жыйынтыгы ар тараптан иликтенип чыккандан кийин анын натыйжасы эске алынып, реформа бардык республика боюнча ишке ашырылат", - деди Жапаров.

Ушул жылдын сентябрь айында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматынан өз эрки менен кеткен жана муну жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткени, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкени менен негиздеген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун дооматына жооп берип, "аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес",-деп айткан.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын” былтыр октябрда кол койгон. Министрлер кабинетинин жыл башында анын алкагында жасалчу иш-чаралар планынын бекиткен жана алардын арасында аймактык реформа жүргүзүү каралган.

Дагы караңыз

Украина: айрым аймактарда суу менен жарык берүү калыбына келтирилдиСадыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы болгондорду сындады Президент бийликтин темир кендерин иштетүү максаты бар экенин айттыЭлдик курултайга 1072 делегат катышуудаБишкек менен Чүйдүн 15 мектебинде зомбулукка каршы жыйындар өтөт